• Башкы бет
  • Кыргызстанда мас абалда унаа айдаган айдоочулардын кесепетинен жылына 80 жаран каза болду
15:24, 2022-ж., 17-август

Кыргызстанда мас абалда унаа айдаган айдоочулардын кесепетинен жылына 80 жаран каза болду

Кыргызстанда мас абалда унаа айдаган айдоочулардын кесепетинен жылына 80 жаран каза болду

Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандын кесепетинен жыл сайын 60, 80 жаран каза болот. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2017 жана 2020-жылдары көрсөткүч эң көп катталган. 

Былтыр жалпы жол кырсыгынан 868 жаран мерт кетип, анын 56сы мас абалында унаа башкарып баратып каза болгон. Айдоочулардын күнөөсүнөн 2017-жылы эң көп кырсык катталган. 586 аварияда 85 жаран көз жумган.

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков 18-июлда быйыл жол кырсыгы былтыркыдан 11%га азайганын билдирген. Каза болгондордун саны да 20%га кыскарган. Министрлик кырсыктын эң негизги себеби жол эрежелерин сактабагандык экенин айтып келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...