• Башкы бет
  • ИИМ: Иран жараны маңзат менен кармалды
15:19, 2022-ж., 17-август

ИИМ: Иран жараны маңзат менен кармалды

ИИМ: Иран жараны маңзат менен кармалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ири өлчөмдө метамфетамин синтетикалык маңзатын сатып жаткан жеринен Ирандын жараны кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, болжол менен баасы 45 миллион сом деп эсептелген 10 килограмм баңгизат Ирандан Ооганстан менен Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилген.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда тергеп-иликтөө, кылмышка шектүү дагы башка жарандарды аныктоо жүрүп жатат.

Метамфетамин күчтүү баңгизаттардын катарына кирет.

ИИМ жылдын биринчи кварталында жалпысынан 274 кг оор маңзаты, анын ичинде 2022-жылдын төрт айында 5 кг героин, 70 кг марихуана, 75 кг гашиш кармаганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...