• Башкы бет
  • Директорлор үчүн сынак: Чүй менен Таласта компьютердик тестирлөө болду
15:17, -ж., 17-август

Директорлор үчүн сынак: Чүй менен Таласта компьютердик тестирлөө болду

Директорлор үчүн сынак: Чүй менен Таласта компьютердик тестирлөө болду

Мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында 17-августта Чүй менен Талас облустарында компьютердик тестирлөө жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, Чүйдө 44, ал эми Таласта 146 бош орун бар.

Буга чейин комьютердик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн. Анда Баткен облусундагы мектеп директорлорун тандоо сынагына катышкан 147 талапкердин ичинен 60 адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн.

Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и, ал эми Ошто Ошто 372 адамдын 88и керектүү балл топтогон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...