
15:14, 2022-ж., 17-август
Өлкөдө күйүүчү майдын баасы көтөрүлөрү күтүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 16-августта мунай базарындагы кырдаалды талкуулоо үчүн өлкөдөгү бул тармакты тейлеген негизги ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусияда мунайды кайра иштетүү заводдору дизелдин эскпортун кыскартып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Алардын маалыматына караганда, жыл башынан бери дизелдин баасы тоннасына 600, АИ 92 бензини 370 АКШ долларына чейин көтөрүлгөн учурлар болду. Акыркы айда Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дизелдин дүң баасы 300 АКШ долларын түздү. Буга байланыштуу нефтетрейдерлер күйүүчү майдын бул түрүнүн баасын көтөрүү зарылдыгын айтышты.
Монополияны жөнгө салуу кызматы бааларды туруктуу кармап туруу, резервдерди камсыз кылуу, кардарлардын укугун коргоо сунуштарын берди.
17-августка карата Кыргызстанда АИ 95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 65,90 сом, 92 үлгүсүндөгү бензин 61,90 сом болууда. Дизел майы 71,90 сомдон сатылууда. Бул рыноктогу орточо баалар.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер