16:11, 2022-ж., 16-август

Ошто социалдык дүкөндөр ачылат

Ошто социалдык дүкөндөр ачылат

15-августта Ош шаарынын мэриясында мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов жетектеген “Социалдык дүкөн” долбоору жөнүндө жобону бекитүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, муниципалдык менчик башкармалыгынын, ветеринардык кызматынын, санэпиддин, салык жана монополияга каршы күрөшүү органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары жобонун долбооруна учурдагы баа саясатынын алкагында эт жана сүт, ун азыктарына өз сунуштарын айтышты.

К.Досматов белгилегендей, долбоордун негизги максаты калктын муктаж катмарына эт-сүт азыктарын базар баасынан арзан сатып алууга шарт түзүү болуп саналат.

"Калктын муктаж болгон катмарын негизги тамак-аш менен камсыз кылууга жардам берүү үчүн, биз бул долбоорду туруктуу жана узак мөөнөттүү кылышыбыз керек. Тиешелүү кызматтардан продуктыларды жеткирүүчүлөргө да шарттар түзүлүшү керек: жайларды ижарага алуу шарттары төмөн болуп, ошондой эле муздаткыч жабдууларды орнотууну уюштуруу боюнча гранттык долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн кароо зарыл, - деп кошумчалады аппарат жетекчи.

Жыйынтыгында долбоордун практикалык бөлүгүн шаар боюнча комплекстүү түрдө ишке ашыруу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, жакынкы аралыкта шаарда бир эле учурда бардык МАБдарда 7 социалдык дүкөн ачылат.

Продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан жүргүзүлөт. Баалардын мониторингин Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы кызматтын облустук башкармалыгы менен биргеликте жүргүзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...