• Башкы бет
  • Президент жарлыкка кол койду: Бишкекте курултай болот
16:06, 2022-ж., 16-август

Президент жарлыкка кол койду: Бишкекте курултай болот

Президент жарлыкка кол койду: Бишкекте курултай болот

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы бүгүн, 16-августта билдирди. 

Жарлыкка ылайык, 25-ноябрда жума күнү Бишкекке элдик курултай чакырылат. Аны уюштуруу комитетинин жетекчиси болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.

Элдик курултай коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш болуп, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Былтыр 5-майда күчүнө кирген Конституцияда Элдик курултай институту болоору жазылган. Анда 1-сентябрга чейин мыйзам кабыл алынып, жыл аягына чейин курултай чогулушу керек болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...