• Башкы бет
  • Ислам тилектештиги оюндары: Кыргызстандын капчыгында дагы эки алтын
16:04, 2022-ж., 16-август

Ислам тилектештиги оюндары: Кыргызстандын капчыгында дагы эки алтын

Ислам тилектештиги оюндары: Кыргызстандын капчыгында дагы эки алтын

Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында кыргыз спортчусу Ынтымак Мурадил уулу салттуу жаа атуу боюнча баш байгени утту. Мурдараак Роман Петров фехтованияда алтын медалга ээ болгон. 

Ынтымак Мурадил уулу 70 метр аралыктан жаа атууда 1-орунду ээлеп, кыргыз курамасына 8-алтынды утуп берди.

Ал эми, Петров фехтования боюнча жалпы 8 беттеш өткөргөн. Алгач тайпалык этапта 4 жеңиш менен чыгып, олимпикада 4 утушка ээ болду. Финалдык беттеште Азербайжандык спортчу менен кез келип, 15:11 эсебинде жеңип чыкты.

V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар.

Бүгүн, 16-августт Ислам оюндарынын алкагында кикбоксинг, дзюдо, жаа атуу, салттуу жаа атуу, сууда сүзүү жана баскетбол 3х3 боюнча беттештер өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...