• Башкы бет
  • Армениядагы жарылуу: каза болгондордун саны 16га жетти
16:00, 2022-ж., 16-август

Армениядагы жарылуу: каза болгондордун саны 16га жетти

Армениядагы жарылуу: каза болгондордун саны 16га жетти

Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министри Армен Памбухчян Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде 16 адамга жеткенин маалымдады.

Дагы 18 киши дайынсыз болуп жатат. Алардын арасында жергиликтүүлөрдөн сырткары Ирандын жана Орусиянын жарандары да бар экени маалымдалды.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар калган болушу мүмкүндүгү айтылган. Өрттү өчүрүү жана куткаруу иштери 15-августта да уланды.

Расмий бийлик баштапкы изилдөөлөрүнө таянуу менен бул террордук акт эмес экенин, кокустук болгонун билдирүүдө.

"Сурмалу" базары шаардын борборунан 2 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Андагы кырсык тартылган видеолор интернетте тарап жатат. Тасмадан кара түтүн базардын үстүн толук каптап калганы көрүнүп турат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...