• Башкы бет
  • Директорлор үчүн сынак: 359 талапкер тест тапшырып, 88и гана босого баллынан өтө алды
15:19, 2022-ж., 15-август

Директорлор үчүн сынак: 359 талапкер тест тапшырып, 88и гана босого баллынан өтө алды

Директорлор үчүн сынак: 359 талапкер тест тапшырып, 88и гана босого баллынан өтө алды

13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтерин толук тапшырбагандыктан 2-этапка өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 талапкер келген эмес. 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогорку упай топтогон. Бул катышуучулардын 25%ын түздү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...