• Башкы бет
  • Директорлор үчүн сынак: сынактан өтпөй калган талапкерлер кайра тест тапшыра алабы?
15:15, 2022-ж., 15-август

Директорлор үчүн сынак: сынактан өтпөй калган талапкерлер кайра тест тапшыра алабы?

Директорлор үчүн сынак: сынактан өтпөй калган талапкерлер кайра тест тапшыра алабы?

Мектеп директорлугуна ат салышып, бирок өтпөй калган талапкерлер кайрадан тест тапшырып, сынакка катыша алат. Алар тандаган мектепте вакансия бош болсо ошол жерге, болбосо башка мектептин директорлугу үчүн тест тапшырса болот. Ал эми катышуучулардын эч бири өтпөй калган мектептерде кайрадан сынак жарыяланат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, эгер, бир орунга бир эле талапкер болуп, бирок ал жетиштүү балл албай калса, кайрадан конкурс жарыяланат. Мурдагы директор «милдетин аткаруучу» болуп иштеп турат.

Талапкерлер үчүн электрондук тест беш багытта берилет. Катышуучулар билим берүүдөгү менеджмент, педагогика, психология, билим чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана маалымат технологиялар боюнча суроолорго жооп бериши керек. Конкурска жогорку педагогикалык билими, жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы жана атайын педагогикалык билими, адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катыша алышат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ушул убакка чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы 500 ваканттык орунга сынак өтүп, 209 жаңы директор тандалды. Эми 17-августта Чүй, Талас облустарындагы мектептерде сынак болот. Нарын, Ысык-Көл облусунда 20-августта уюштурулат. Ал эми Ош шаарында 17 мектептин директору 23-августта тандалат.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык 5 жылдан көп иштеген директорлор кызматтан алынып, анын ордуна жаңы директорлор сынак менен дайындалмак.Тармактык министрлик буга чейин быйыл жаңы окуу жылына 1000ге чукул директор алмашат деп билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...