• Башкы бет
  • УКМКнын мурдагы төрагасы Абил Сегизбаев тергөөгө чакырылды
15:13, 2022-ж., 15-август

УКМКнын мурдагы төрагасы Абил Сегизбаев тергөөгө чакырылды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абил Сегизбаев тергөөгө чакырылды

Ички иштер министрлиги УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев тергөө кызматына сурак бергенин ырастады. Министрликтин басма сөз кызматы тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп бергенден кийин Сегизбаев үйүнө кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, Абдил Сегизбаев «Фейсбуктагы» «Полит Узник» баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев интернетте жарыялаган видео боюнча чакырылган. Ал интернетте тараган видео 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында тартылган видео экендигин, андан бери эч кандай постторду же видеолорду жарыялабаганын айтып берген. Анын айткандары толугу менен текшерилип, учурда тергөөгө тиешелүү иш чаралар уланууда.

«Фейсбуктагы» «Политузник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев кечээ, 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...