• Башкы бет
  • Марат Казакпаев менен Бакыт Асаналиевдин өлүмү: комиссия ишин жыйынтыктады
13:53, 2022-ж., 13-август

Марат Казакпаев менен Бакыт Асаналиевдин өлүмү: комиссия ишин жыйынтыктады

Марат Казакпаев менен Бакыт Асаналиевдин өлүмү: комиссия ишин жыйынтыктады

УКМКнын тергөө абагында каза болгон Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия ишин аяктадыБул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Анда комиссиянын мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, кармалгандардын өздүк иштери жана көзөмөл камераларынын видеолору менен таанышууга, бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери жана изолятордо жаткан адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылат. Иштин жүрүшүндө 12 жыйын болуп, анын бешөө УКМКнын тергөө абагында, жети жолу өкмөттө өткөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Асанбаев менен Казакпаевдин камактагы учурунда байкоо камераларынын тасмалары бир нече жолу көрүлгөн. Ошондой эле камералаштары, тез жардам (чакырык боюнча келген) жана тергөө абагынын кызматкерлери, бул кылмыш иштерин иликтеп жаткан тергөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген алдын-ала корутундуга келди»,  -деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалыматында комиссия өз корутундусунда мындай окуялар кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды сунуштаганы да келтирилген. Комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өкмөт президенттин тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырып жатканын билдирген.

«Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деген Байсалов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...