• Башкы бет
  • Черногорияда кол салуудан улам 10 адам мерт болду
13:51, 2022-ж., 13-август

Черногорияда кол салуудан улам 10 адам мерт болду

Черногорияда кол салуудан улам 10 адам мерт болду

Черногориядагы (Монтенегро) Цетине шаарында жергиликтүү тургундун огунан 10 адам мерт болду. Дагы алты адам, анын ичинде полиция кызматкери жараат алды. Каза болгондордун экөө - жаш балдар.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 34 жаштагы тургун алгач 8, 11 жаштагы балдарын жана жубайын өлтүрүп, андан соң көчөгө чыгып, башка адамдарга ок аткан.

Полициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кармоо учурунда өлтүрүлдү. Учурда кылмыштын чоо-жайы тергелүүдө.

Окуя болгон Цетине шаары өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Калаада 18 миңдей киши жашайт. Черногориянын премьер-министри Дритан Абазович болуп өткөн окуяны эң коркунучтуу трагедия деп атады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...