• Башкы бет
  • ӨКМге жаңы атайын техникалар тапшырылды
13:50, 2022-ж., 13-август

ӨКМге жаңы атайын техникалар тапшырылды

ӨКМге жаңы атайын техникалар тапшырылды

Президент Садыр Жапаров 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликтин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, экскаваторлор, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды. Президенттин маалыматына караганда, бул техникаларды алуу үчүн республикалык бюджетттен 384 миллион сом бөлүнгөн.

Жапаров кийинки жылы да бюджеттин эсебинен дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен бир нече атайын техника алынарын кошумчалады.

Март айында Дүйнөлүк банк "Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 58 өрт өчүрүүчү унаа алып берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...