Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Бүгүн, 12-августта Ош шаарынын мэриясында курулуш тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттукташты. Чогулгандарды Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов мэр Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, шаардын курулуш тармагын өнүктүргөн ар бир адам жалпы калаанын жана кичи райондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуп жатканын белгиледи.
Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, курулуш тармагындагы ак ниет эмгеги жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн курулуш тармагындагы адистештирилген мекеме-ишканалардын кызматкерлери, курулуш уюмдарынын өкүлдөрү мэриянын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Комментарийлер