• Башкы бет
  • Улуттук банк интернеттеги шылуундарга жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды
15:39, 2022-ж., 12-август

Улуттук банк интернеттеги шылуундарга жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды

Улуттук банк интернеттеги шылуундарга жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды

Улуттук банк 10 000 сом таратып жатканы тууралуу маалыматты мекеме төгүндөп, шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

Анда Президент жана Улуттук банк 10 000 сом грант берип жатканы жазылган. Каражатты алуу үчүн онлайн резюме толтурууну өтүнүшөт. Улуттук банк муну шылуундар жарандардын өздүк маалыматына ээ болуу үчүн жасап жатканын билдирди.

«Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз» — деп айтылат маалымдамада.

Ошондой эле, текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирүүдөн, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазуудан сактануу керек.

Буга чейин биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатканы тууралуу маалымат да жалган экени айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...