• Башкы бет
  • Жалал-Абадда директорлор үчүн сынактан 61и гана босого баллды топтой алды
15:37, 2022-ж., 12-август

Жалал-Абадда директорлор үчүн сынактан 61и гана босого баллды топтой алды

Жалал-Абадда директорлор үчүн сынактан 61и гана босого баллды топтой алды

11-августта Жалал-Абадда мектеп директорлору үчүн сынак жыйынтыкталды. Компьютердик тестирлөөдө 220 талапкердин 61и гана босого баллды топтой алды. 

Сынакка 314 талапкер катталып, анын 94ү документтерин толук тапшырбаганы үчүн экинчи этапка өтпөй калган. Калган 220 адам тест тапшырды. Анын 61и гана керектүү баллды топтой алды.

Жалал-Абадда мектеп директорлугуна жалпы 158 бош орун бар экени айтылган. Эми дагы 97 орунга кайрадан сынак өткөрүлөт.

Конкурста мектеп директору болгусу келген жарандар компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек.

Министрликтин талабы боюнча конкурска жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы, атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катышып жатат.

11-августта Баткенде да тестирлөө жыйынтыкталып 147 талапкердин 60ы гана сынактан өткөн.

Быйыл 12-июлда президент Садыр Жапаров билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын негизинде беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынды. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынак аркылуу дайындалат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...