• Башкы бет
  • "Ислам кайра жаралуу" партиясы БУУга кайрылды
15:33, 2022-ж., 12-август

"Ислам кайра жаралуу" партиясы БУУга кайрылды

"Ислам кайра жаралуу" партиясы БУУга кайрылды

Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы болууну өтүндү.

11-августта партиянын төрагасы Мухиддин Кабири БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррештен Орусиядан мындай чечимди кабыл алуудан карманууну талап кылууну суранды.

Ал бул чечим Тажикстанда тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотууга каршы келерин, тажик оппозициясынын ондогон мүчөлөрүнө жана тарапташтарына кедергисин тийгизерин билдирген.

БУУ “Ислам кайра жаралуу” партиясынын кайрылуусуна азырынча жооп бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...