• Башкы бет
  • Баткенде бир нече күндөн бери чабандын дайыны чыкпай жатат
15:29, 2022-ж., 12-август

Баткенде бир нече күндөн бери чабандын дайыны чыкпай жатат

Баткенде бир нече күндөн бери чабандын дайыны чыкпай жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда бир чабандын дайыны бир нече күндөн бери чыкпай жатканын билдирди.

Ага ылайык, Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну 7-августта Догмон жайлоосу аркылуу Кишемиш жайлоосуна мал айдап кеткен. Ошондон бери табылбай жатат.

Аталган министрлик чабанды тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери жана 50дөй жергиликтүү тургундан турган топ издеп жатканын кабарлады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...