Жоокердин сабалышы боюнча кылмыш иши токтотулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши 8-августта токтотулду. Бишкектин Биринчи май райондук соту билдиргендей, тараптар элдешип алган жана материалдык зыяндын орду толтурулган.
«Жоокерди сабады деген аскер кызматкери анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Мындан тышкары сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранды. Айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун түшүндүрдү», -деп айтылат маалыматта.
Райондук сот кошумчалагандай, мыйзам боюнча жабырлануучу тарап дооматтан баш тартып жатса кылмыш иши андан ары иликтенбейт, бул учурда тараптар менен жарашып жана материалдык чыгымды төлөсө бошотулат.
Комментарийлер