
14:48, 2022-ж., 11-август
Ош шаарында "Үлүштүк курулуш" долбоору иштеп баштады

10-августта Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, аталган программанын үлүштүк ээлери, шаардын курулуш тармагынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында С.Жунусбаев белгилегендей, бул долбоор Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаар калкынын жашоо шартын жакшыртуу максатында башталган.
“Бүгүнкү күн шаарыбыздын тарыхында калат. Ош шаарынын мэриясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу үлүштүк курулуш программасын ишке киргизип, анын алкагында биринчи жолу үлүштүк куруу шартында көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бул программа “Ош шаарында көп батирлүү турак жайды үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобону кабыл алуу менен Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген. Анын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жалпы аянты 0,56 га болгон 2 жер тилкеси бөлүнүп, анда жалпысынан 206 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды.
“Үлүштүк курулуш” долбоорунун негиздөөчүсү жана аткаруучусу Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы болуп саналат. Долбоордун негизги шарты – жарандар менен келишим түзүү жана алардын каражатын көп кабаттуу үй курууга тартуу. Бул долбоорду ишке ашырууда үлүш ээлери курулуштун ар бир этабын көзөмөлдөй алышат, төлөм келишимде бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин үлүшчү жашоого толук ылайыктуу, даяр батир алат. Курулуш мөөнөтү 3 жыл. Бул мезгилде жарандар батирдин акчасын толугу менен төлөп бериши керек”, - деп баса белгиледи вице-мэр.
Бул көп кабаттуу үйдү куруу үчүн жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен “Элит-Строй-Сити” ЖЧК менен келишим түзүлгөн. Долбоордук документация боюнча турак жай 12 кабат жана 100 батирлүү болот. Турак жайдын 1-2-кабаттары коммерциялык, ал эми жер төлөсү унаа токтотууга ылайыкташкан. Бул үйдүн 1 м2 баасы 46 750 сомду түзгөн. Мындан тышкары, турак жайдын алдындагы 5400,0 кв.м сервитут жери көрктөндүрүлүп, асфальт төшөлүп, унаа токтотуучу жана эс алуучу жайларга даярдалат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер