• Башкы бет
  • Директорлордун сынагы: Баткенде сынактын экинчи туру өтүүдө
14:42, 2022-ж., 11-август

Директорлордун сынагы: Баткенде сынактын экинчи туру өтүүдө

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 11-августта Баткен облусундагы 98 мектепке жаңы директорду дайындоо үчүн сынактын экинчи туру өтүүдө. Анда талапкерлер компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек. Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө нараазы болуп, аппеляциялык арыз жазгандар боло элек.

Сынакта эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук билим берүү бөлүмдөр кызмат орундарына дайындайт. Жогору балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.

Мектеп директору болуу үчүн талапкердин жети жылдык педагогикалык стажы, педагогикалык жогорку билими болуусу шарт.

Тестирлөөнүн ачык-айкындуулугун көзөмөлдөө үчүн мугалимдердин кесиптик бирлиги, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болуп жатышат.

Сынакты уюштурган Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борборунун өкүлү Бактыгүл Шамшидинова билдиргендей, биринчи этапта 200дөн ашык талапкер документтерин тапшырган. Текшерүүдөн соң экинчи турга 150 талапкер өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...