• Башкы бет
  • Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медалга татыды
14:40, 2022-ж., 11-август

Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медалга татыды

Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медалга татыды

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш медал алды. Бул кыргызстандыктардын алгачкы байгеси.

Дене тарбия жана спорт департаментигинин билдиришинче, ал 10-августта эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Азербайжан, Сенегал жана Тажикстандан келген балбандарды утту. Финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллаев менен күч сынашып, жарым финалда алган жараатынан улам күрөштү уланта алган жок.

Сманбеков апрель айында Монголиядагы Азия чемпионатында коло байге уткан. Февраль айында ал Түркиянын Стамбул шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медал алган.

Түркиянын Конья шаарында 9-августта V Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Анда Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...