• Башкы бет
  • Баткен: мурдагы аялын зордуктоого шектелген жаран кармалды
14:38, 2022-ж., 11-август

Баткен: мурдагы аялын зордуктоого шектелген жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Баткен милициясы мурдагы аялын коркутуп Кызыл-Кыя шаарына жакын талаага алып барып сабаган жана ашкере мыкаачылык менен зордуктап ошол жерге таштап кеткен жаран камалганын билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 21-июлда болгон, ай талаада калган жабырлануучу Көк-Жар айылына чейин жөө келип милицияга арыз жазган.

Кылмышка шектүү 9-августта Ысык-Көл облусунда кармалып, Баткенге жеткирилген. Учуда бул фактыны тергеп-иликтөө уланууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, үрөй учурган кыз-келиндерге, аялдарга карата зомбулук фактылары орун алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...