• Башкы бет
  • Тайван бийлиги Кытайдын аскердик машыгуусун аталган өлкөнү басып алууга даярдык көрүү катары баалады
15:24, 2022-ж., 10-август

Тайван бийлиги Кытайдын аскердик машыгуусун аталган өлкөнү басып алууга даярдык көрүү катары баалады

Тайван бийлиги Кытайдын аскердик машыгуусун аталган өлкөнү басып алууга  даярдык көрүү катары баалады

Тайван аралынын бийлиги Кытай армиясынын аскердик машыгуусун келечекте аралды басып алууга даярдык көрүү деп билдирди. Бул тууралуу Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву 9-августта Тайбэйде өткөн басма сөз жыйынында айтканын Reuters агенттиги жазды.

Жозеф Ву эл аралык коомчулукту «Тайван кысыгындагы тынчтыкты жана туруктуулукту» коргоого үндөдү.

«Масштабдуу аскердик машыгуулар, ракета учуруулар, ошондой эле киберчабуулдар менен жалган маалымат кампаниясы Тайвандагы коомдук маанайды алсыратууга болгон аракет», — деди Ву Кытайдын аскердик машыгуулары тууралуу сүйлөп жатып.

Тайвандын Коргоо министрлиги 9-августта Кытайдын 16 согуштук учагы аралдын абадан коргонуу аймагына кирип кеткенин билдирди.

Бээжин Тайвандын тегерегиндеги тарыхтагы эң ири аскердик машыгууларын 7-августта аяктамак. Бирок 8-августта анын мөөнөтүн узартып, жаңы машыгуулар башталганын жарыялады. Кытайдын мамлекеттик телеканалы машыгуулар «суу астындагы кайыктарга жана деңизге каршы чабуулдарга» багытталганын кабарлаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...