
15:16, 2022-ж., 10-август
Ош мэриясы таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн 250 миллион сомдук тендер жарыялады

Ош мэриясы калаа тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 250 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу 9-августта муниципалитеттен билдиршти.
Мэрия долбоордун негизги максаты нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу экенин белгиледи. Курулуштун мөөнөтү эки жыл. Ал ишке ашырылгандан кийин шаардагы таза суу маселеси 70-80% чечилет деп болжолдонуда. Долбоор эки баскыч менен ишке ашат.
«Биринчи этапта тендерде баарынан да курулуш компаниялардын техникалык базасынын күчтүүлүгүнө жана тажрыйбасына көңүл бурушат. Экинчи этап — иштин баасы. Катышуучуларды калыс жана объективдүү тандоогө тыкыр көзөмөл болот», -деп билдирди мэриядан.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар. Буга байланыштуу Ак-Буура дарыясы жаан-чачындуу мезгилде булганат. Бул долбоордун негизинде 2,4 чакырым кошумча суу линиясын тартуу каралган.
2016-жылы Ош мэриясы элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн эки ири долбоорду ишке ашырууга аракет кылган. Ошол кездеги шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик «Мындан ары жамгыр жааса да, таш жааса да калаада суу таңкыстыгы болбойт» деп убада беришкени менен аткарылган жок. Андан кийин 2018-жылы жеке ишкер тарабынан 10 миллион долларлык долбоор иштелип чыккан. Бирок ал да өз максатына жеткен эмес. Ош шаардык суу чарба башкармалыгы эгер, шаар бийлиги бул жолку долбоорду ишке ашырса суу маселеси 80%га чечилмек дейт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер