
14:59, 2022-ж., 10-август
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Керимбек Калыкулов дайындалды

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына "ОшТВ" телеканалынын мурдагы директору Керимбек Калыкулов директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 10-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койгон.
Керимбек Калыкулов бул кызматка конкрустук негизде тандалганын, бийлик менен алакасы жоктугун айтып, Кыргызстандын жараны катары гана катышканын белгиледи. Жаңы жетекчини жамаатка бүгүн министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
«Буга чейин конкрустук тандоо болгон эле. Ага менден сырткары төрт талапкер катышты. Бийлик менен мамилем деле жок. Кыргызстандын жеке жараны катары катыштым. Жыйынтыгында менин талапкерлигим жактырылыптыр. Бүгүндөн баштап расмий жумушка кириштим. Жамаат аябай жакшы кабыл алды. Жакын арадагы иштер, пландар боюнча сүйлөштүк», -деди Калыкулов.
Керимбек Калыкулов кыска убакыт аралыгында үч кызматка барган жетекчи катары белгилүү. Тактап айтканда, 2020-жылы ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Октябрдагы бийликтин алмашуусунан кийин кызматынан бошотулган. Бир айдан кийин эле ОшТВ телеканалына башкы директор болуп барган. 2021-жылдын 5-октябрынан Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчилик кызматын аркалаган.
Мындан сырткары ал калаанын «Ош шамы» гезитинде башкы редактор, ОшМУнун «Нур» гезитинде радактор, «Үмүт» телестудиясынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер