• Башкы бет
  • Июнь окуясына байланыштуу иш сотко өттү
14:39, 2022-ж., 10-август

Июнь окуясына байланыштуу иш сотко өттү

Июнь окуясына байланыштуу иш сотко өттү

Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди, деп жазат "Азаттык". Анын маалымдашынча, ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту карайт жана алгачкы соттук угуу 15-августка белгиленди.

Апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...