• Башкы бет
  • Москвада каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү жөнөтүлдү
14:12, -ж., 10-август

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү жөнөтүлдү

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү жөнөтүлдү

Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттык1 Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен жазды.

Мекеменин маалыматына ылайык, элчиликтин кызматкери каза болгон балдардын жакындары менен байланышта жана иш берүүчү тарап менен жолугуп, каза болгон балдардын укуктарын коргоо, компенсация төлөтүп берүү боюнча иштерди жүргүзгөн.

Үч адамдын өмүрүн алган окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кеткен.

Орусиялык басылмалар суу коллекторунда кырсык болгон кезде ал жерден беш адам люктан өз алдынча чыгып кеткенге үлгүргөнүн, калгандарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткарып калып, үч кишини куткарууга жетишпей калганын жазышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...