• Башкы бет
  • Эми "Байрактар" Украинадан да чыга баштайт
14:21, 2022-ж., 9-август

Эми "Байрактар" Украинадан да чыга баштайт

Эми "Байрактар" Украинадан да чыга баштайт

Түркиялык Baykar компаниясы Украинада каттоодон өтүп, Bayraktar учкучсуз учактарын чыгара турган завод куруу үчүн жер тилкесин алды. Бул тууралуу Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар РБК-Украина агенттигине берген маегинде билдирди.

Элчинин сөзүнө караганда, компания заводдун долбоорун өзү иштеп чыкты жана аны аягына чейин ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул боюнча келишимге Киев менен Анкара 2022-жылдын февраль айынын башында эле кол койгон.

Украина Орусия менен болгон согушта түркиялык Bayraktar TB2 учкучсуз учактарын колдонууда. Дрон сокку уруу жана чалгындоо милдеттерин аткара алат. Украина бул аппаратты согуш талаасында биринчи жолу 2021-жылы пайдаланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июль айынын аягында Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. 10-июлда түркиялык ишкананын башкы директору Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде Орусияга Bayraktar сатылбай турганын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...