• Башкы бет
  • "Мыйзамсыз валюта алмаштырган": Улуттук банк Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды
14:19, 2022-ж., 9-август

"Мыйзамсыз валюта алмаштырган": Улуттук банк Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды

"Мыйзамсыз валюта алмаштырган": Улуттук банк Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды

Улуттук банк мыйзамсыз валюта алмаштырган Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын жетекчилиги рейддерди өткөрүп, мындай Телеграм-каналдардын ээлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүгө аракет жасоодо. Рейд учурунда бардыгы болуп 14 физикалык жакка айып пул салынган.

Буга чейин Улуттук банк ИИМ жана Салык кызматы менен бирге уруксаты жок валюта алмаштыруу менен алектенгендердин жолун бөгөөгө ниеттенип жатканын кабарлаган.

Мыйзам боюнча тиешелүү лицензиясы жок акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду түзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...