• Башкы бет
  • Президент "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анда эмнелер камтылган?
14:17, 2022-ж., 9-август

Президент "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анда эмнелер камтылган?

Президент "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анда эмнелер камтылган?

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында айтылатайтылат. 

Мыйзамга ылайык, креативдүү чөйрөдө иштегендер айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн жеңилдиктерге ээ болушат. Алардын катарына блогер, журналист, дизайнер, жарнама, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр кирет.

«Креативдүү индустриалдык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, Кыргызстан креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоо үчүн өлкө катары эл аралык жагымдуулугун жогорулатууну билдире», -дейт президенттин маалымат кызматы.

Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...