• Башкы бет
  • Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды
14:15, 2022-ж., 9-август

Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды

Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормонов бүгүн Чолпон-Ата мэриясынын жамаатына тааныштырылып, ишке киришти. Шаарды буга чейин Бердибек Иманбеков башкарып келген эле.

49 жаштагы Ормонов буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын учурунда Ош шаарында аны белгисиз адамдар катуу ур-токмокко алганы кабарланган эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...