• Башкы бет
  • Ошто июль айынан бери 6 тамактануучу жай жабылды
16:16, 2022-ж., 8-август

Ошто июль айынан бери 6 тамактануучу жай жабылды

Ошто июль айынан бери 6 тамактануучу жай жабылды

Июль айынын башынан бери Ош шаарынын Санэпид кызматынын кызматкерлери тарабынан шаардагы коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын текшерүү максатында пландуу рейддер жүргүзүлүүдө.

Кечээ жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, Ош шаарынын Санэпид кызматынын маалыматына ылайык, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулган. Учурда 5 объектиде мыйзам бузуулар жоюлган. Алдыда рейддик иш-чаралар улантылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...