• Башкы бет
  • Ош: 49 мыйзамсыз жарнак тактайчалары алынды
16:12, 2022-ж., 8-август

Ош: 49 мыйзамсыз жарнак тактайчалары алынды

Ош: 49  мыйзамсыз жарнак тактайчалары алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү иштери уланууда.

Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен турган мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан Ош шаарынын кичи райондорундагы соода жайларында рейд жүргүзүлдү.

Графиктин алкагында “Курманжан-Датка” МАБында жана Жапалак айыл аймагында 100дөн ашык соода объектилеринин талапка ылайык келүүсү текшерилип, анда талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 23 ишкерге тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары, ар кандай форматтагы жана көлөмдөгү 49 мыйзамсыз жарнак обьектилери алынды.

Тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган ишкерлер мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда аларга карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...