• Башкы бет
  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Кытайдан 80 адис келди
16:06, 2022-ж., 8-август

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Кытайдан 80 адис келди

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Кытайдын долбоорлоо мекемесинин 80 адиси келди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргызстан жетекчилиги долбоордун тез ишке ашырылышына кызыктар экенин, буга байланыштуу техникалык-экономикалык негиздемени ылдам бүткөрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев 4-августта Кытайдын China Railway First Survey and Design Institute (Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту) ишканасынын делегациясы менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулаган. Жолугушууда биргелешкен жумуштарды ылдамдатуу зарылчылыгы айтылган.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да бул жолдун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу аймактын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.

Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган, бирок али бир дагы тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты сарптоого даяр экендигин билдире элек.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун май айынын башында «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси Азамат Сакиев билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...