• Башкы бет
  • Россия: Москвада эки кыргызстандыктын сөөгү табылды
15:59, 2022-ж., 8-август

Россия: Москвада эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Россия: Москвада эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Москвада суу топтолчу коллекторду тазалап жаткан учурда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Окуя  калаанын түштүк-чыгышында болгон. 

«РИА Новостинин» маалыматына караганда, Люблино районунда 13 жумушчу арыкты тазалап жатканда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп кеткен. Ошол учурда жумушчуларды агызып кеткен.

Беш адам коллектордон өз алдынча чыкканга үлгүргөн, бешөөнү куткаруучулар чыгарган. Калган үч адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын сөөгү 7-августта табылды. Маалыматка караганда экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгон эки кыргыз жаранынын тек-жайын атады. Билдирүүгө караганда, кырсыктан көз жумган жигиттер 23 жаштагы Б. уулу К. жана 20 жаштагы К. уулу Б. болгон. Окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Элчиликтин юристи кырсык болгон жайга жөнөп кеткен, маркумдардын туугандарын аныктоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...