16:36
-ж., 23-сентябрь
Өзгөндө 25 жаштагы тургунга бычак сайып, денесине зыян келтирүүгө шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция 5-августта 30-29-27 жаштагы үч шектүүнү колго түшүргөн.
Кылмыш болгон окуя мындан эки ай мурун 3-июнда болгон. Анда жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылып, башынан жабык түрдө жараат алып, оң буту сынганы аныкталган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.
Комментарийлер