15:32, 2022-ж., 8-август
Жалал-Абад: мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында Орусиянын жаранынан 3 миң доллар талап кылган. Ал 250 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:23
Кечээ
13:20
-ж., 29-март
13:19
-ж., 29-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер