• Башкы бет
  • Баткенде чек арачынын огу сегиз жаштагы балага тийди. Анын абалы оор
14:45, 2022-ж., 8-август

Баткенде чек арачынын огу сегиз жаштагы балага тийди. Анын абалы оор

Баткенде чек арачынын огу сегиз жаштагы балага тийди. Анын абалы оор

Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы жеткинчектин абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен кабарлашты, деп жазат "Азаттык". Жабыркаган бала учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.

Өспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.

Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...