• Башкы бет
  • Өлкөдө мектептерди жана бала бакчаларды курууга 100 миллион доллар жумшалат
14:18, 2022-ж., 5-август

Өлкөдө мектептерди жана бала бакчаларды курууга 100 миллион доллар жумшалат

Өлкөдө мектептерди жана бала бакчаларды курууга 100 миллион доллар жумшалат

3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну катышууга, атап айтканда, билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргызстан 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант жана 85 млн АКШ долларын насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

Бала бакчаларды куруунун натыйжасында 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюму, дагы 45 миң бала жаңы мектеп менен камсыздалары күтүлүүдө. Ал эми 3 миң тарбиячы жана мугалим жумуш орундары менен камсыз болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...