• Башкы бет
  • Судьяларды кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды: алар кимдер?
14:04, -ж., 5-август

Судьяларды кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды: алар кимдер?

Судьяларды кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды: алар кимдер?

Судьялар кеңешинин 4-августтагы жыйынында эки судьяны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды. Бул боюнча Тартип комиссиясынын бүтүмү угулуп, талкууланды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жакында Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага чара көрүүнү суранган.

Судьялар кеңеши аты аталган эки сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаровго жолдоду.

Ошондой эле Бишкектин Биринчи май районунун судьясы Нурдин Ибраимовго, Чүйдүн Кемин районунун судьясы Аманбек Төлөнбаевге мындан ары иште кемчилик кетирбөөсүнө эскертүү берилди.

Талас облусунун Кара-Буура районунун судьясы Гүлмира Бапанованын да иштеги кемчилиги белгиленди.

Быйыл 6-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча судьялар туура эмес чечимдерди көп кабыл алып жатканын Чүй облусунда соттор менен жолугушканда айткан.

Базарбековдун айтымында, айрым судьялар өспүрүмдөргө жасалган кылмыш иштерин карап жатып өзгөчө оор кылмыштарды анча оор эмес кылмыштарга квалификациялап, айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберип жатканын белгилеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...