Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына өтүнмөлөрдү кабыл алуу жараяны башталды

Кыргызстанда президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Конкурска дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген студенттер катыша алат. Ал үчүн edu.gov.kg сайтындага өтүнмөгө төмөнкү документтерди тиркеши керек.
§конкурска катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
§паспорт/инсандын күбөлүгү;
§Жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо баллы менен (GPA) транскриптти тиркелген бакалавр/адис/магистр диплому;
§программа, адистик, окуу мезгили көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
§чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
§жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине катышканы жөнүндө маалыматтар;
§эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар.
Студенттер кабыл алынышы мүмкүн болгон TOP-100 университеттин тизмесин topuniversities.com шилтемесинен тапсаңыз болот.
Документтерди онлайн кабыл алуу 4-августтан 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин топтомун кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-кабинетке тапшыруу керек.
Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” эл аралык стипендия программасын ачуу боюнча жарлыкка 10-майда кол койгон. Анын негизинде дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка көлөмү 50 миң доллардан ашпаган атайын стипендия бериле баштайт.
Конкурска техникалык жана инженердик багыттар, экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча тапшырса болот. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.
Комментарийлер