
15:20, 2022-ж., 4-август
Кыргызстанда 6 айдын ичинде 20 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өттү

Кыргызстанда 6 ай ичинде жыйырма миңден ашуун ишкер контролдук-кассалык машиналарды колдонууга өттү. Жалпы өлкө боюнча 52 миң ККМ колдонулуп жатат.
ККМ колдонгондордун соодадан түшкөн каражаты 698 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351 млрд сомго көп.
Салык кызматы ишкерлерди ККМ колдонууга өтүүсүн тездетүү үчүн 10-майдан тарта “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрө баштаган. Ага 95 миңден ашуун жаран катышып жатат. Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.
28-июлда президент Садыр Жапаров көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга байланыштуу «Чакан жана орто ишкердик субъекттерди колдоо тууралуу» жарлыкка кол койгон. Анда өкмөткө ККМ боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүү тапшырылган.
Жаңы Салык кодексине ылайык, 1-августтан тарта өлкө аймагында соода-сатык, накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонуу талабы коюла баштайт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер