Ошто суу түтүгү аркылуу Өзбекстанга өткөндөр кармалды

Ошто Аравандын Төбө-Коргон аймагында суу түтүгү аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өткөндөр аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Төбө-Коргон аймагынын 36 жаштагы тургуну Өзбекстандык жарандар менен бирге мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип жатат. Алар темир түтүк аркылуу кышында 21-январда Кыргызстанга, 23-январда кайра Өзбекстанга өткөнү маалым болду.
Түтүктүн бир тарабы айылдагы Уйгур-Абад участкасында, экинчи тарабы Өзбекстанда жайгашкан. Анын узундугу болжол менен 150 метр.
Бул факты боюнча издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалып, 26-сентябрга чейин камакка алынды. Ал эми өздүгү тактала элек Өзбекстандын эки жаранды аныктоо үчүн кошуна өлкөнүн укук коргоо органдарына тийиштүү документтер жөнөтүлгөн.
Комментарийлер