• Башкы бет
  • "Алай" футболдук клубу үчүн машыгуучу талаалар курулду
15:20, 2022-ж., 3-август

"Алай" футболдук клубу үчүн машыгуучу талаалар курулду

"Алай" футболдук клубу үчүн машыгуучу талаалар курулду

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Алай” ФКнын машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышты. Калаа башчы стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо иштерин көрдү. Анда кийим алмаштыруучу жайларды жана келечекте академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалууда.

Ошондой эле душ бөлмөлөрүн оңдоо иштери аяктап, биринчи жолу чыгыш жана түндүк тарабындагы трибуналардын акыркы бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлдү. Медициналык кабинет оңдолуп, пайдаланууга берилди, кир жуучу жай ачылды.

“Алай” ФКнын директору Улан Алымканов машыгуу аянтчасынын ачылышы менен “Алай” ФКнын негизги жана резервдик командалары жыл бою машыгуусу үчүн шарттар жакшыртыла турганын белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы жана муниципалдык кызматтар “Алай” ФКнын базасында футбол академиясын уюштуруу пландарын ишке ашырууга бардык зарыл жардамдарды жана колдоолорду көрсөтөт. “Алай” футбол клубунун базасында аялдардын футбол командасын түзүү багыты бар, бул дагы да клубга болгон кызыгууну арттырары шексиз”. - деп белгиледи мэр.

Иш сапардын алкагында шаар башчысы жарыктандыруу системаларын уюштурууга өзгөчө көңүл буруп, асфальттоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Мындан сырткары, аймакта спорт зал, воркаут аянтчасын түзүү, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийимдерди жана спорттук тамак-аш дүкөндөрүн уюштуруу маселелери каралды.

Жалпысынан тийиштүү спорт шаарчасын түзүү, 300дөн ашык орундуу футбол академиясын ачуу максатында Сай-Бою көчөсүндө спорт инфраструктурасын өнүктүрүү пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...