• Башкы бет
  • Экинчи борбор калаада бир нече долбоорлор ишке аша баштайт
15:14, 2022-ж., 3-август

Экинчи борбор калаада бир нече долбоорлор ишке аша баштайт

Экинчи борбор калаада бир нече долбоорлор ишке аша баштайт

2-августта Ош шаарында Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен Ош шаарында ишке ашырыла турган 5 долбоордун бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэр Жасур Азимов, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун өкүлдөрү жана долбоорлордун авторлору, тендерден утуп алгандар, бир катар ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Бул долбоорлордун арасында:

1. Ак-Буура дарыясынын жээктерин реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу (2-этап);

2. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын оңдоо;

3. А.Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын тынч эс алуу аймагын куруу;

4. Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

5. Борбордук аянтка өтмө фонтан куруу.

Жыйынтыгында даярдалган долбоорлор айрым оңдоолорду эске алуу менен шаардык мэриянын өкүлдөрү тарабынан жактырылды.

Бул долбоорлорго сунушталган өзгөртүүлөр жана сунуштар киргизилгенден кийин АРИС бир айдын ичинде курулуш иштерине тендер жарыялайт.

Эске салсак, Дүйнөлүк банк тарабынан Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга гранттык негизде 6,0 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...