Таштанды талассында жансыз денеси табылды: Кылмышка шектүү кармалды

Ошто таштанды талаасында денеси табылган маркумду өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы 3-августа билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш 28-январда болгон. Маркум менен шектүү таштанды талаасында түстүү металдарды издешип, тапкандарын атайын пунктарга тапшырып жан багып турушкан. Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичип, андан соң уруша кеткен.
«Ал жасаган кылмышын моюнуна алып, окуядан соӊ каза болгон маркумду 2 жолу бычактап, изин жашырып кеткендигин билдирди. Өз ара жаӊжал 3 бөтөлкө аракты ичип бүткөн соӊ чыккан» — деп айтылат милициянын маалыматында.
Бул окуядан кийин шектүү Ош шаарынан качып чыгып Өзгөн, Бишкек , Жалал-Абад шаарларында, Суусамыр өрөөнүндө жашырынып жүргөн. Шаардык милиция ал Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну экенин Бишкекте да жасаган кылмышы үчүн издөөдө болгонун билдирди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Комментарийлер