• Башкы бет
  • Дайыр Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды
15:02, -ж., 3-август

Дайыр Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Дайыр Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Өлкө башчы тескемеге бүгүн 3-августта кол койгон.  

Буга чейин бул кызматты Алтынбек Жумаев жетектеп келген. Ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалгандыктан, кызматынан бошотулду.

Журналист Орунбеков «Манас» аэропортунун жетекчисинин, Соцалдык өнүгүү министринин кеңешчиси кызматтарында иштеген. 2010-жылы Алмазбек Атамбаевди сындап жазган макаласы үчүн 2 миллион сом айыпка жыгылган. 2017-жылы ага айып пулду төлөбөгөнү үчүн козголгон кылмыш иштери токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...