
15:15, 2022-ж., 2-август
Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгинен 55 жаш чамалуу кишинин денеси табылды

Сүрөт: ӨКМ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды.
Маалыматка караганда 1-август күнү куткаруу кызматына Ак-Буура дарыясынын ортосундагы чакан аралчада эркек киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматы сөөктү суудан алып чыккандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.
Буга чейин, 30-июнда Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшкөн учурда коопсуздукту сактоого чакырып келет.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер